Базар-Коргон шаардык Кеңеши Базар-Коргон шаардык Кеңештин апаратынын
бош кызмат орунуна ички резервге кирүүгө конкурс жарыялайт
Базар-Коргон шаардык Кеңештин кенже адистигине 1 орун
Кесиптик билим деңгээли:
— гуманитардык илимдер; экономика жана башкаруу, маалыматтык технологиялар багыттары боюнча жогорку билим.
Иш стажы:
иш стажына талаптар коюлбайт.
Кесиптик компетенттүүлүгү
төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, «Жергиликтүү депутаттардын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы , кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
— жеке арыз, кадрларды эсепке алуу баракчасы, өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен), резюме, фотосүрөт;
— паспорттун көчүрмөсү;
— зарыл кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариалдык же иштеген жери боюнча кадрларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими тууралуу, квалификацясын жогорулатуу тууралуу, илимий даража же илимий наам ыйгаруу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү).
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандар конкурска катышууга киргизилбейт.
Көктөмөгө тиркелген документтерди 2023-жылдын 15-мартынан 24-мартына чейинки мөөнөттө, саат 18:00гө чейин Базар-Коргон ш., К. Култаев көч., 84 дареги боюнча Базар-Коргон шаар мэриясынын 14-иш бөлмөсүнө тапшыруу зарыл, телефон: 5-01-70.