Базар-Коргон шаардык Кеңеши Базар-Коргон шаардык Кеңештин апаратынын
бош кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт
Базар-Коргон шаардык Кеңештин статс-катчысана 1 орун
Кесиптик билим деңгээли:
— гуманитардык илимдер; экономика жана башкаруу, маалыматтык технологиялар багыттары боюнча жогорку билим.
Иш стажы:
мамлекеттик органдын статс-катчысынын кызмат оруну үчүн — административдик мамлекеттик жана/же муниципалдык жогорку же башкы кызмат орундарында же болбосо атайын, саясий мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жалпысынан 5 жылдан кем эмес иш стажы. Статс-катчынын кызмат ордун ошондой эле башка иш чөйрөлөрүндө 7 жылдан кем эмес жетектөөчү иш тажрыйбасы бар адамдар, бирок мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жалпысынан 3 жылдан кем эмес иш стажы болгон шартта ээлей алышат.
Кесиптик компетенттүүлүгү
төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодекси, 2012-жылдын 8-августу № 153 «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, 2009-жылдын 20-июлу № 241 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, 2007-жылдын 4-майы № 67 «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Менеджменттин негиздерин; адам ресурстарын башкаруу жаатындагы; кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди.
Базар-Коргон шаардык Кеңештин башкы адиси 1 орун
Кесиптик билим деңгээли:
— гуманитардык илимдер; экономика жана башкаруу, маалыматтык технологиялар багыттары боюнча жогорку билим.
Иш стажы:
жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы
Кесиптик компетенттүүлүгү
төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодекси, адам ресурстарын башкаруу жаатындагы; кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди
Базар-Коргон шаардык Кеңештин жетектөөчу адиси 1 орун
Кесиптик билим деңгээли:
— гуманитардык илимдер; экономика жана башкаруу, маалыматтык технологиялар багыттары боюнча жогорку билим.
Иш стажы:
жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы
Кесиптик компетенттүүлүгү
төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодекси, адам ресурстарын башкаруу жаатындагы; кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди
Базар-Коргон шаардык Кеңештин кенже адиси 1 орун
Кесиптик билим деңгээли:
— гуманитардык илимдер; экономика жана башкаруу, маалыматтык технологиялар багыттары боюнча жогорку билим.
Иш стажы:
иш стажына талаптар коюлбайт.
Кесиптик компетенттүүлүгү
төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодекси, адам ресурстарын башкаруу жаатындагы; кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
— жеке арыз, кадрларды эсепке алуу баракчасы, өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен), резюме, фотосүрөт;
— паспорттун көчүрмөсү;
— зарыл кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариалдык же иштеген жери боюнча кадрларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими тууралуу, квалификацясын жогорулатуу тууралуу, илимий даража же илимий наам ыйгаруу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү).
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандар конкурска катышууга киргизилбейт.
Көктөмөгө тиркелген документтерди 2022-жылдын 28-ноябрнан 8-декабрна чейинки мөөнөттө, саат 18:00гө чейин Базар-Коргон ш., К. Култаев көч., 84 дареги боюнча Базар-Коргон шаар мэриясынын 14-иш бөлмөсүнө тапшыруу зарыл, телефон: 5-01-70.